22.08.2018 10:35
Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн эки бала каза тапты

Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн эки бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кечээ, 21-август күнү күндүз Токмок шаарынын Ибраимов көчөсү №51 дарегинде чыккан өрттөн жалпы аянты 95 чарчы метр турак үйдүн эки бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйгөн. Ошондой эле, үйдөгү 5 жана 3 жаштагы эки бала өрттөн каза тапкан.
«Жалындын тутанышына балдардын от менен ойношу себеп болгон», -деп билдирет ӨКМ.
Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону бир саат дегенде толук өчүрүшкөн.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: